КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


2025-жылдын 31-июлу № 179


Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө


1-берене.

Кыргыз Республикасынын Санарипкодексиушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин колдонууга киргизилсин.

2-берене.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.);

2) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынатолуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 7-ноябрындагы № 88Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 10, 369-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 130Мыйзамынын9-статьясы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 418-ст.);

4) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 103Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 363-ст.);

5) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 89Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 10, 735-ст.);

6) "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазакодексинетолуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы № 152Мыйзамынын1-статьясы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 721-ст.);

7) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 340-ст.);

8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 58Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2282-ст.);

9) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынатолуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 23-майындагы № 62Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2286-ст.);

10) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-майындагы № 75Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 504-ст.);

11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы № 129Мыйзамынын3-беренеси(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 915-ст.);

12) "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 136Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 712-ст.);

13) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынатолуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-январындагы № 20Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 20-ст.);

14) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-мартындагы № 51Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 3, 241-ст.);

15) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-февралындагы № 30Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 90-ст.);

16) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 68Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 295-ст.);

17) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 4-майындагы № 75Мыйзамынын1-беренеси(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 393-ст.);

18) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 127Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 729-ст.);

19) "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы № 128Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 730-ст.);

20) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-июлундагы № 129Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 731-ст.);

21) "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 17-майындагы № 64Мыйзамынын6-беренеси(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 5, 260-ст.);

22) "Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 30-июлундагы № 107Мыйзамынын1-беренеси(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 495-ст.);

23) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 94Мыйзамы("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 4-августу, № 61);

24) "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 24-августундагы № 102Мыйзамы("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 27-августу, № 91);

25) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124Мыйзамынын1-беренеси("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114);

26) "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142Мыйзамынын7-беренеси("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 30-ноябры, № 145);

27) "Кыргыз Республикасынын Салыккодексинколдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4Мыйзамынын14-беренеси("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9);

28) "Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 53Мыйзамынын1жана3-беренелери ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60-61);

29) "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 12-июлундагы № 61Мыйзамы("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-июлу, № 62);

30) "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 12-июлундагы № 62Мыйзамы("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-июлу, № 62);

31) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы № 173Мыйзамынын1-беренеси("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65);

32) "Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-январындагы № 28Мыйзамынын5-беренеси("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 31-январы, № 7).

3-берене.

1. Кыргыз Республикасынын Санарипкодексининжоболору ап колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары толугу менен Кыргыз Республикасынын Санарипкодексинеылайык келтирилгенге чейин санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Санарипкодексинекарама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

4-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана ушул берененин расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 2-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) алты айлык мөөнөттө:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Санарипкодексинеылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Санарипкодексинеылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун киргизсин;

2) эки айлык мөөнөттө тармактык жөнгө салуучулардын, иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Санарипкодексиндебелгиленген башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш-милдеттери жүктөлүүчү мамлекеттик органдарды аныктасын;

3) 2026-жылдын 1-июнуна карата Улуттук санарип экотутумунун түзүлүшүн жана мамлекеттик сервистердин ишке киргизилишин камсыз кылсын.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августунда № 58 (3714) жарыяланды.



Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Н. Жапаров




2025-жылдын 18-июнунда


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган