Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, Абдуллаева Жибек Садыкбаевна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурсултан Сардарбеков Абдуллаева Жибек Садыкбаевнаны Агенттиктин жамаатына расмий тааныштырды.
Өз сөзүндө Нурсултан Сардарбеков Жибек Садыкбаевнаны жаңы кызмат орду менен куттуктап, анын кесипкөйлүгүн, башкаруудагы тажрыйбасын жана мамлекеттик кызматка берилгендигин белгиледи. Ал жаңы дайындалган орун басар агенттик алдында турган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууга жана санариптештирүү шартында жеке маалыматтарды коргоо тармагын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошоруна ишенимин билдирди.
Өз кезегинде агенттиктин директору Алмазбек Усенов санариптик технологиялар өнүккөн сайын жеке маалыматтардын купуялуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу маселеси барган сайын актуалдуу болуп жатканын белгиледи. «Биз канчалык санариптешсек, жеке маалыматтарды коргоо маселеси ошончолук маанилүү болууда», — деп баса белгилеп, жаңы орун басар менен жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.
Маалымат үчүн:
Абдуллаева Жибек Садыкбаевна мамлекеттик кызматта, анын ичинде санариптик өнүктүрүү жана байланыш тармагында кеңири тажрыйбага ээ.
• 2012–2016-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу мамлекеттик агенттикте иштеген.
• 2020–2023-жылдары СӨМгө караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчилик кызматтарында, анын ичинде төрага кызматын ээлеген.
• 2023–2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиктин директорунун орун басары болуп иштеген.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык чини бар.