Урматтуу жарандар!

Шылуундар Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун атынан 27-апрелде Бишкек шаарында тренинг өткөрүлөт делген жалган билдирүүлөрдү таратышууда. Билдирүүлөрдө жеке катышуу мүмкүн болбогон учурда онлайн форматта кошулууну сунушташууда.

Эскертебиз: Мамлекеттик агенттик эч качан алдын ала макулдашуусуз мессенджерлер же электрондук почта аркылуу тренингдерге жеке чакырууларды жөнөтпөйт. Бардык иш-чаралар алдын ала бекитилген график боюнча жана расмий каналдар аркылуу гана өткөрүлөт.

Сиздерди сак болууга жана эч кандай шектүү шилтемелерге өтпөөгө чакырабыз. Бул жеке маалыматтардын ачыкка чыгып кетишине же телефонуңузга зыяндуу программалык камсыздоо жүктөө менен бузууга алып келиши мүмкүн.

Эгерде сиз жогорудагыдай билдирүү алсаңыз:

•  Дароо бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке 0312 64 10 14 номери аркылуу же укук коргоо органдарына 102 телефону аркылуу билдириңиз;

Өзүңүздүн маалыматтарыңызды сактаңыз жана ушундай учурлар тууралуу тиешелүү органдарга кабарлаңыз.