Бишкекте жыл сайын 28-январда белгиленүүчү Жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык күнүнө (Privacy Day) карата жеке маалыматтарды коргоо жана санариптик коопсуздук маселелерине арналган Улуттук форум болуп өттү.
Форум мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн, IT-коомчулуктун, эл аралык эксперттердин, ошондой эле жарандык коом институттарынын өкүлдөрүн бириктирди. Иш-чаранын жүрүшүндө жеке маалыматтарды иштетүү чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктарга, киберкоркунучтардын өсүшүнө, мыйзам талаптарын сактоо маселелерине жана санариптештирүү шартында жеке маалыматтарды коргоого жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Форумдун ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Реми Дюфло, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Усенов куттуктоо сөздөрү менен иш чараны ачышты.
Өз сөзүндө Эдил Байсалов санариптик технологиялар жана жасалма интеллекттин активдүү өнүгүү шартында жеке маалыматтарды коргоо маселеси өзгөчө актуалдуу болуп жатканын, Улуттук форум өткөрүү маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча практикалык ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк береерин жана санарип чөйрөсүнө жана мамлекеттик кызматтарга жарандардын ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи.
«Жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык күнүнө карата сиздер менен баарлашуу мен үчүн өзгөчө. Бул күн санариптик доордо адам укуктарынын негизги баалуулугу болгон жеке жашоонун кол тийбестигин эске салат», — деп белгиледи куттуктоо сөзүндө Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Реми Дюфло.
Ошондой эле форумдун катышуучуларына куттуктоо сөзү менен Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Усенов кайрылды.
«Бүгүн өзгөчө көңүл жасалма интеллект жана чоң маалыматтарды колдонууда. Жаңы технологиялар адам укуктарын эске алуу менен өнүгүшү маанилүү. Санариптик чечимдерди иштеп чыгуу баскычынан тартып эле жеке маалыматтарды коргоо каралган “Privacy by Design” принциби өзгөчөлүк эмес, нормага айланышы керек», — деп белгиледи ал өз сөзүндө.
Форумдун алкагында эксперттер жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруунун практикалык аспектилерин, жеке маалыматтардын массивдерин кармоочу уюмдардын жоопкерчилигин, ошондой эле кибер алдамчылыкка жана маалыматтардын сыртка чыгып кетишине каршы көрүлүүчү чараларды талкуулашты.
Панелдик сессиялардын жана тематикалык талкуулардын жүрүшүндө технологиялардын өнүгүүсү менен жарандардын укуктарын сактоонун ортосундагы тең салмактуулук маселелери, санариптик коопсуздукту камсыздоодо мамлекеттин, бизнестин жана колдонуучулардын ролу, ошондой эле жеке маалыматтар чөйрөсүндө жөнгө салуунун жана көзөмөлдүн заманбап ыкмалары каралды. Өзүнчө сессия Кыргыз Республикасында жарандардын жеке маалыматтарына карата киберкоркунучтарды талдоого, инциденттерге жооп кайтаруудагы тенденцияларга жана чараларга, ошондой эле алгоритмдерди жана жасалма интеллектти активдүү колдонуу шартында санариптик ишеним архитектурасын калыптандыруу маселелерине арналды.
Иш-чаранын алкагында улуттук жана эл аралык тажрыйба да каралып, жеке маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук тармагындагы мыйзам чыгаруучулук демилгелер жана мыкты тажрыйбалар талкууланды.
Өзгөчө басым калктын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүүгө жана жеке маалыматтарды коргоо маданиятын калыптандырууга жасалды.
Форум стал площадкой для диалога по вопросам защиты персональных данных в условиях активного внедрения искусственного интеллекта и цифровых сервисов, а также реагирования на кибер инциденты и минимизации их последствий. Участники обсудили современные вызовы в сфере приватности, вопросы обеспечения баланса между технологическим развитием и соблюдением прав граждан, а также практические инструменты цифровой и информационной безопасности.
Госагентство по защите персональных данных призывает граждан соблюдать меры кибергигиены в интернет-пространстве, бережно относиться к своим персональным данным и проявлять бдительность при использовании цифровых сервисов.
Форум жасалма интеллектти жана санариптик сервистерди активдүү киргизүү шартында жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле киберинциденттерге ыкчам жооп кайтаруу жана алардын кесепеттерин минималдаштыруу маселелери боюнча диалог жүргүзүүчү аянтча болду. Катышуучулар купуялуулук тармагындагы заманбап чакырыктарды, технологиялык өнүгүү менен жарандардын укуктарын сактоонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле санариптик жана маалыматтык коопсуздуктун практикалык инструменттерин кенен талкуулашты.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жарандарды интернет мейкиндигинде кибергигиенанын талаптарын сактоого, өз жеке маалыматтарына этият мамиле кылууга жана санариптик сервистерди колдонууда сергек болууга чакырат.