10-февралда Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга жана 2026-жылга артыкчылыктуу милдеттерди аныктоого арналган коллегиясынын жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча иштин жыйынтыктары каралды, анын ичинде жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, кибергигиенаны камсыз кылуу боюнча чараларды өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдар, бизнес өкүлдөрү жана жарандар менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Пландаштырылган жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыктары, жеке маалыматтарды коргоо жана иштетүү чөйрөсүндө аныкталган бузуулар жөнүндө маалымат берилди, ошондой эле үстүбуздогү жылга контролдук ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча чаралар белгиленди.

Жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык келтирүү жана өркүндөтүү, ошондой эле анын ченемдерин иш жүзүндө колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле коллегиянын алкагында Агенттиктин ишмердүүлүгүн маалыматтык камсыздоо жана калктын жеке маалыматтарды коргоо зарылдыгы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат угулуп, аткаруучулук дисциплина жана Агенттиктин кадрдык потенциалын өнүктүрүү маселелери каралды.

Коллегиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча 2026-жылга негизги приоритеттер аныкталды, анын ичинде: 

жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү; 

калктын жеке маалыматтарды коргоо, кибергигиена жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин кеңейтүү; 

санариптик коопсуздукту камсыздоого заманбап жана проактивдүү ыкмаларды киргизүү; 

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин нормаларын практика жүзүндө колдонуу боюнча ишти активдештирүү. 

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, Мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын жеке маалыматтарынын кол тийбестигине болгон укуктарын андан ары бекемдөөгө багытталган тапшырмалар берилди.