Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик ишкердик субъекттерин текшерүү үчүн текшерүү баракчасынын жаңыланган формасы расмий түрдө бекитилгендигин маалымдайт.
Бул чара контролдоо механизмдерин актуалдаштыруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин ченемдерине шайкеш келтирүүнүн алкагында кабыл алынды. Документти жаңылоо ачык-айкын жөнгө салуу чөйрөсүн түзүүгө, жеке маалыматтарды иштеп чыгууга карата талаптарды так белгилөөгө жана «Ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» КР Мыйзамынын жоболорун ишке ашырууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, текшерүү баракчасы КР Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте бекитилүүчү милдеттүү регламенттөөчү документ болуп саналат. Белгилей кетсек, бекитилген текшерүү баракчасы жок Агенттиктин кызматкерлери ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу жок.
Текшерүү баракчасынын жаңы формасы КР мыйзамдарынын жана КР Министрлер Кабинетинин токтомдорунун ченемдери менен так чектелген талаптардын толук тизмесин камтыйт.
Максималдуу ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн баракчадагы ар бир талап ченемдик укуктук актынын конкреттүү пунктуна же пунктчасына (эң кичинекей түзүмдүк элементине чейин) түз шилтеме менен коштолгон. Бул эрежелерди субъективдүү чечмелөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана укуктук тактыкка кепилдик берет.
Мындай мамиле «Ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» КР Мыйзамынын катуу сакталышын камсыз кылат. Текшерүү баракчаларын колдонуу бизнеске болгон административдик басымды азайтат, коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен четтетет жана мамлекеттик контролдоо процессин ачык-айкындыгын камсыз кылат.