Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги коомчулукка ири каржылык жоготууларга алып келиши мүмкүн болгон шектүү шилтемелерди басуу менен байланышкан алдамчылыктын жаңы түрү жөнүндө эскертет. Акыркы учурда, шылуундар жеке маалыматтарды уурдоо жана ишенимдүү колдонуучулардын атынан ири суммадагы насыя алуу үчүн жасалма шилтемелерди колдонуп жатышат.

Шылуундар жасалма веб-сайттарды түзүшөт же шилтемени аткарууну суранган жасалма билдирүүлөрдү жөнөтүшөт. Мындай сайттарга киргенден кийин, жабырлануучулар расмий каржы институттары же кызматтары сыяктуу баракчаларга түшүшөт. Бул баракчаларда колдонуучулар адашып, жеке маалыматтарын, анын ичинде насыя алуу үчүн маалыматты берүүгө аргасыз болушу мүмкүн.

Бул алдамчылыктан кантип коргонсо болот:

  1. Шектүү шилтемелерди чыкылдатпаңыз. Эгер сиз шилтемени аткарууну суранган билдирүү алсаңыз, айрыкча, ал каржылык операцияларга же кредиттерге тиешелүү болсо, жөнөтүүчүнүн аныктыгын жана шилтеменин булагын текшериңиз.

  2. URL-даректерди текшериңиз. Сиз кире турган веб-сайт  кыска жана коопсуз URL-дареги бар экенин текшериңиз. Жасалма сайттар окшош, бирок бир аз өзгөртүлгөн даректерди колдонушу мүмкүн.

  3. Жеке маалымат бербеңиз. Шектүү веб-сайттарга паспорт номери, телефон номери же банк эсебинин маалыматы сыяктуу жеке маалыматыңызды эч качан киргизбеңиз.

  4. Эки факторлуу аутентификацияны колдонуңуз. Бул сиздин эсептериңизди уруксатсыз кирүүдөн коргоого жардам берет.

  5. Каржы мекемеңиз менен байланышыңыз. Эгер кокустан шектүү сайт аркылуу маалыматыңызды берген болсоңуз, дароо каржы уюмуңузга кабарлаңыз жана эсептериңизди коргоо үчүн чараларды көрүңүз.