Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик 2025-2027-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар планын бекитти.
Бул документ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияына жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планына ылайык иштелип чыккан.
Иш-чаралар планы төмөнкүдөй чаралардын комплексин камтыйт:
Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү: коррупцияга каршы процедураларды жөнгө салуучу локалдык документтерди иштеп чыгуу жана киргизүү;
Ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатуу: Агенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу, коомчулукка үзгүлтүксүз отчетторду берүү;
Коомчулук менен өз ара аракеттенүү: жарандык коом менен байланыш каналдарын түзүү, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу жана кароо.
Иш-чаралар планын ишке ашыруу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинде коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу системасын түзүүгө мүмкүндүк берет, бул жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин жогорулатууга жана өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоого өбөлгө түзөт.