Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте ведомствонун ишмердүүлүгүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуу тобокелдиктери бар учурлардын жана жагдайлардын тизмеси бекитилди.
Аталган тизме Агенттиктин ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ички көзөмөл механизмдерин күчөтүү жана жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу максатында иштелип чыкты.
Тизмени түзүү мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктерди баалоо боюнча антикоррупциялык мыйзамдардын талаптарын жана методикалык сунуштарды эске алуу менен жүргүзүлдү.
Бул документти кабыл алуу коррупциялык тобокелдиктерди системалаштырууга жана минималдаштырууга; кызматкерлердин ак ниеттүүлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатууга; Агенттиктин ишмердүүлүгүнө жарандардын жана уюмдардын ишенимин бекемдөөгө; жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылууга багытталган.